super.kg logo

АКШда Дональд Трамптын кызматтан кетишин талап кылып демонстранттар митингге чыгышты

 

АКШнын президенти Дональд Трамптын тез арада кызматтан кетишин талап кылып Нью-Йорк шаарында демонстранттар митингге чыгышты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалыматка ылайык, АКШда болуп өткөн президенттик шайлоодон кийинки Трамптын жана вице-президент Майк Пенстин жазган постторуна нааразычылыгын билдиришип, Нью-Йорк шаарында бир топ адам чогулушкан. Митингчилер менен бирге бир топ активисттер "Трамп биздин шайлоодогу добуштарыбызды уурдап жатат" деген ураандарды көтөрүп, добуштарды кайрадан эсептеп чыгууну талап кылышкан. Акцияга чыккан бир топ адамдарды полиция кармап кетти.

Учурда штаттардагы добуштарды эсептөө ар кандай убакытты талап кылып, добуштар почта аркылуу жыйынтыкталып жаткандыгына байланыштуу шайлоонун жыйынтыгы чыга элек.

Президенттик шайлоого эки талапкер ат салышууда. Алар: 74 жаштагы учурдагы АКШ лидери Дональд Трамп жана 77 жаштагы мурдагы вице-президент Жо Байден.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: