super.kg logo

Бишкекте каракчылыкка шектүү 3 жаран кармалды

 

Борбор калаада каракчылыкка шектүү 3 жаран кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 4-ноябрда болжол менен саат 20:23 чамасында Бишкек ШИИББинин “102” кызматына Чүй жана Логвиненко көчөлөрүнүн кесилишинен "тоноп кетишти" деген маалымат келип түшкөн. Айтылган дарекке ошол замат Бишкек ШИИББи боюнча милициянын кайгуул кызматкерлери келип, маалыматты тактаганда, 2002-жылы туулган У.А. аттуу баланы белгисиз жарандар кастет жана бычак менен коркутуп, Redmi Note 9 үлгүсүндөгү чөнтөк телефонун алып, качып кетишкен.

Чакыруу менен келген милициянын кайгуул кызматкерлери ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүп, кылмыш изи сууй электе кылмышка шектүү катары 2003-жылы туулган Т.Э., 2001-жылы туулган М.К., жана 2004-жылы туулган А.Э. аттуу жарандар кармалып, Биринчи Май РИИББинин тергөө кызматына өткөрүлүп берилди. Текшерүү учурунда шектүүлөрдүн жанынан бычак, уюлдук телефон, кастет, саат жана акчалар табылган.

Бул факты Кылмыштардын жана Жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, 202-берененин (Каракчылык) негизинде сотко чейинки өндүрүш иши башталды дешти мекемеден.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
06.11.2020. 11:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаш эле балдар экен. Бироонун мулкуно коз артып не кылат дейм да
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: