super.kg logo

Ырчы Элзада Насипбекова жеке турмушун баяндаган клип тарттырды

 

Нурлан Насиптин бир тууганы, ырчы Элзада Насипбекова жеке жашоосун баяндаган ыр жаздырып, ага клип тарттырды. Ырчы айымдын айтымында, өзүнүн турмушу жөнүндө ырдоону ойлонуп жүргөн. Бул тууралуу Элзада айым социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.

"Кыялымда өзүмдүн турмушумдан алып ырдасам деп жүрчү элем. Нурланга көп жолу түшүндүрдүм, ушундай ырдасам кандай болот, обон жазып бересиңби деп. "Ооба" деп жүрүп көп жыл өтүп кеткен.

Бул ырдын жаралышы өтө сонун болду. Самат Маманов иним "атам сонун ыр жазып жатат" деди. Иним Нурлан түнү менен обонун жазып коюптур. Угуп алып аябай ыйлап алдым. Дароо эле ырды жазганга кириштик. Клипти болсо Самат Маманов иним "өзүм тарттырып берейин" деп мойнуна алды. Клип июнь айында эле тартылып бүткөн. Бирок карантин болуп, оору жайылып кетти. Анан дагы бир катар белгилүү себептер менен жылып, бүгүнкү күнгө буюруптур", - деген ал.

Клип окурмандарга тартуулангандан кийин ырчы айым "ушуну менен өткөн кайгылуу күндөрүмдүн эшигин жабайын. Калган жашоом ый менен эмес, күлкү менен улансын. Жолдошумдун жаткан жери жайлуу болуп, арбагы мага ыраазы болсун" деп кошумчалаган.

Элзада Насипбекова 2019-жылы ырдап чыккан. "Менде ырчы болуп кетем деген деле план жок. Хобби катары эле ыр жаздырып койгом. Эл эмнегедир жакшы кабыл алды, шыктанып калдым”, - деген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
07.11.2020. 21:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Бактылуу болун эже
07.11.2020. 23:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Асель экөө бир аз окшошуп кетет экен, чыгармачылыгыңызга ийгилик эже
08.11.2020. 06:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Чыгармачылык ийгилик, аялдык бакыт каалайм! Бактылуу болуңуз!
08.11.2020. 09:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Жакшынакай сулуу айым экен. Кыргыздын Айымдар дайыма жасанып, чачынарды прическалап, кое берип сулуу, татынакай болуп журо бергиле
08.11.2020. 12:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Janyl98,Чачты коё берип деп эле ыйлактайсыңго кайда болсо эле, өзүңдүн апаң, кызың эжелериңдин чачын коё бердире бер, Кыргыз кыздары антип эч качан сойкудай болуп чачын жайган эмес.
08.11.2020. 17:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Pankration_MMA,кайсы жерди карасан ушу
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: