Той ырларын ямахада катыра черткен жаш талант (видео)
Интернетте той ырларын синтезатордо чеберчилик менен аткарган өспүрүм баланын видеосу тарады. Ал 12 жаштагы чаткалдык Элмирбек Тажиматов аттуу өспүрүм. Жаш таланттын бир тууган агасы Жоодарбек Дүйшөнкул уулу SUPER.KG порталына инисинин таланты тууралуу төмөнкүлөрдү айтып берди. Айтымында, иниси музыканы угуу жөндөмдүүлүгү күчтүү жана ал уккканы менен ямахада кол ойнотот.
"Иним Элмирбек 12 жашта, музыкалык билими жок. Ал мектепте эле музыка сабагынан берген агайынан бир аз сабак алган. Музыкалык аспапты сезими менен эле чертет. Жакында эле тойдо ямаха черткенин досум Казыбек тартып алып, интернетке жарыялаган экен. Андан кийин анын талантына суктанып, алкап жаткандар азыр көп болуп жатат", - деди Элмирбектин агасы Дүйшөнкул.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-07-04

19:23
2025-07-02
17:23
2025-07-02
Рейтинг:
2

Азамат, ылайым 15 жылдан кийин дүркүрөп, Аваз Акимовко окшош ушул кичинеңдеги видеоң тууралуу маек берип жүргөн эл адамы бол....
Кана эми бир синтезатор белеке берчүлөр болсо???