super.kg logo

АКШда президенттин ант берүү аземине даярдыктар көрүлө баштады

 

АКШ президентинин ант берүү аземине даярдыктар көрүлө баштады. Анда аземди 2021-жылы 20-январда ачык асман алдында өткөрүү пландалууда. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазышты.

Ага ылайык, учурдагы коронавирус пандемиясына карабастан азем толук масштабда өтөт. Ал эми аянтта ант берүү аземине даярдыктарды азыртадан көрө башташты.

Аземди ачык асман алдында өткөрүү комитетинде 6 адам бар экендигин АКШнын Биргелешкен инаугурация комитетинин жетекчиси Рой Блант билдирген.

3-ноябрда АКШда президенттик шайлоо болуп өттү. Анда негизги атаандыштык Жо Байден жана Дональд Трамп ортосунда болду. Жыйынтыгында Жо Байден жеңишке жетти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: