super.kg logo

Ырчы Гүлнур Асанова өлкөдөгү саясий окуялардын таасиринен жаңы ыр жаздырып, клип тарттырды

 

Комузчу, ырчы Гүлнур Асанова өлкөдөгү саясий окуялардан улам ыр жаздырып, клип тарттырды. Чыгарма "Ойлонгун адамзат" деп аталарын, клипти жүйөөлүү себептерден улам күйөрмандарына тартуулай албай жатканын айткан ырчы буларга токтолду.

"Тарбиялык маанидеги ыр аткарсам деген оюм бар болчу. Өлкөдө саясий окуялардан кийин ал оюмду ишке ашырып, ыр жаздырып, клип дагы тарттырдым. Бирок кайсы бир себептерден улам эмгегибизди жарыялай элекмин. Буюрса, бир же эки аптадан кийин клипти көрө аласыздар. Бул ыр элди ойлондурган, адепке чакырган ырлардын бири болот.

Клипке актёр, актрисалар тартылды. Сюжетке катышкан жокмун. Мындан ары деле клипте өзүм образ жаратпайм. Бул чыгарма образымды өзгөрткөндөн кийинки биринчи эмгегим", - дейт ал.

Гүлнур Асанова быйыл жашоосунда бурулуш жасап, жоолук салынган. Ал жоолуктун чыгармачылыгына тоскоолдугу бар экенин, бирок бул кадамга ойлонуп туруп барганын билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
09.11.2020. 14:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-9
Динди ашкере ээрчип башка бир элдин каада салтын, салттуу кийимдерин кыргыз жаштарынын ан сезимине бекемдеп жатышат. Бизде саясатчысы, молдосу болобу кимиси кооз суйлоп, курулай убадаларды берип койсо ошону фанат тутуп алмай мода болуп калды. Олконун инраструктурасы талкаланган. Пандемия бутсо миграция ого бетер куч алат. Билимдуу жаштарыбыз Европа олколоруно барып билим алып, ошол жактан жашагылары келгендер толтура.
iryi1 түзөттү 2020-11-09 15:04:46
09.11.2020. 15:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
Адеп деп бир эле бети башыбызды хиджаб менен оронуп же сакал остуруп алганды тушунуп албайлык. Адеп бул коп тармак. Азыр ашкере динчил болбой деле озун жогорку денгеелде алып жургон светтик инсандар толтура. Бир эле намазга берилип, динчил болсон эле адептуусун деген туура эмес. Коп турлуу маданиятка, ошол эле Европа, Азиянын светтик маданиятына арашакыла. Азыр бир жактуу кылып диний тушунукторду тануулай берген туура эмес. Азыр раликалдуу ой менен жашаган динчил кыздар коп экен. Жакшы эмес.
iryi1 түзөттү 2020-11-09 15:05:07
09.11.2020. 15:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Адеп ыры менен турмушубуз онолуп кетет деп ойлойсунарбы. Жок онолбойт. Жаштарды билимге тартыш керек
09.11.2020. 15:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Митинг, саясат пикеттерден таасирленип ыр жаздырса биздин артисттер ото эле чувствительный окшойт.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: