super.kg logo

Садыр Жапаров Нарындын эли менен жолугушту. Эл электр энергиясынын баасын төмөндөтүүнү өтүнүштү

 

Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров Нарын облусунун эли менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Садыр Жапаров эл алдында сүйлөп жатып, аймактардагы абалды жеринен көрүү максатында республиканын аймактарын кыдырып жатканын билдирди.

"Элдин үнү бийликке жете бербейт, көбүнесе ал бурмаланып, бийликтегилер көз алдындагы нерселерди көрө албаган учурлар болот. Мен ар бир жарандын үнүн угуп, элибиз эмне менен жашап жаткандыгын, кандай көйгөйлөрү бар экендигин көрүү үчүн келдим. Мен элдин мамлекеттик органдарга карай ишенимин кайтарууну каалайм", - деди Садыр Жапаров.

Ал ошондой эле эл оозунан чыккан "ачуу чындыкты" угууга жана көп жылдардан бери Нарын облусунун калкынын топтолуп келген көйгөйлөрүн чечүүгө даяр экендигин кошумчалады.

Президенттин милдетин аткаруучу менен жолугушуу учурунда эл көптөгөн суроолорду берди.Тактап айтканда, Садыр Жапаровдон аймакта электр энергиясынын баасын төмөндөтүү, аймактын инфраструктурасын жакшыртуу, жерди трансформациялоо жана социалдык маселелерге өзгөчө көңүл бурууну өтүнүштү.

Жолугушуунун соңунда Садыр Жапаров тармактык мамлекеттик органдарга Нарын облусунун калкы көтөргөн ар бир маселени карап чыгуу, ошондой эле кыска убакыттын ичинде аларды чечүү боюнча чараларды көрүү тапшырмасын берди.






Быйыл Бишкек мэриясы жаңы жылдык жасалга үчүн акча коротпойт. Ак Үй алдында сейилдеген жарандар..

Автор: Гүлшат Ысамамат кызы
Оператор: Элчибек Кыштообаев
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
09.11.2020. 15:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Элдер Садырга кайрылат ал убада берет да тиешелуу органдарга тапшырат, а тиешелуу органдар унутат.
09.11.2020. 16:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Садыр Конституция озгортом деп убара болбой эле кой. Иштейм деген адам Конституцияга шылтабай эле иштейт. Курулай убада берип элдин алдына чыгып кереги жок. Пандемия кучоп жатса элге пропаганда кылып журот. Эми элге берген убаданды так жана таза аткар. Бирок ишенич кыйын болуп калды. Мадумаров экоо жон гана тилдин учу менен элдин башын айланткандар
09.11.2020. 18:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
asyl1998, конституцияны озгортуп, президенттик башкаруу кылам деп жатат,демек озунун бийлигин болушунча бекемдейт.2010-жылы озгортулгон конституцияны Текебаев озуна ынгайлаштырып алды дединкр эле.Текебаев озуно ынгайлаштыргыдай эч жакшылык коргон жок,камалып да чыкты.Эми садыр озуно ынгайлаштырып алды десенер окшошот.
09.11.2020. 21:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Текени айтпагыла жазбагыла
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: