super.kg logo

Кара-Сууда 5 жарым миллион сомдон ашуун акча каражатын каракчылык менен алып кеткенге шектелип 2 жаран кармалды

 

Кара-Суу районунда 5 миллион 500 миң сомдон ашуун акча каражатын карактап кеткен кылмышка шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, кылмышка шектүү катары 2 жаран кармалды. Мындан башка бул кылмышка катышы бар жарандар такталууда.

20-октябрь күнү саат 18:30 чамасында Кара-Суу районунун Төлөйкөн айыл аймагынын Коргон айылынын тургуну 1979-жылы туулган М.Н. Деу-Матиз үлгүсүндөгү автоунаасы менен Төлөйкөн айылындагы "Мирвана" кафесинин жанында бара жатса, алдынан Ваз-2107 үлгүсүндөгү автоунаа сүзүп, ал унаадан 2 бала, ал эми артынан дагы башка Ваз-2107 үлгүсүндөгү автоунаада келишкен кара түстөгү медициналык бет капчан 3 бала жабырлануучу М.Н.ны жанында алып жүргөн 5 миллион 186 миӊ сомун, 2 миң 500 долларды, 130 миӊ рубль акчасын белгисиз ок атуучу курал менен коркутуп карактап, Ваз-2107 үлгүсүндөгү автоунаага түшүп, окуя болгон жерден изин жашырып качып кетишкендиги тууралуу маалымат Кара-Суу РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө келип түшкөн.

Аталган окуя 20-октябрь күнү Жазык кодексинин 202-беренесинин 3-бөлүмүнүн негизинде Кара-Суу РИИБинин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү ресстрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында 6-ноябрда Ош ОИИБинин криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан Кара-Суу районунун Фуркат айылынын аймагында кылмышка шектүү Алай районунун тургуну 36 жаштагы И.М. жана Ысык-Көл районунун тургуну 29 жаштагы Э.у.С. кармалып, Кара-Суу РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Бүгүнкү күндө бул кылмышка тиешеси бар башка жарандарды тактоо жана кармоо боюнча ыкчам иш-чаралар улантылууда.







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: