СУРАМЖЫЛОО: Жаштар Кыргыз өлкөсүнүн келечегине ишенеби? (видео)
Бүгүн, 10-ноябрь - Жаштардын бүткүл дүйнөлүк күнү. Буга байланыштуу "Жаштар Кыргыз өлкөсүнүн келечегине ишенеби?" деген суроого SUPER.KG порталы жаштар арасында сурамжылоо жүргүзүп, алардын оюн угуп көрдү.
"Илимге-билимге умтулган жаштарыбыз чынында көп. Анан Кыргыз өлкөсүнүн келечеги жоголуп кетет же болбосо келечеги бүдөмүк деген ойлорду жаңылыштык деп эсептейм. Биздин келечек сөзсүз түрдө кенен деп ишенем", - дейт журналистика жаатында билим алып жаткан студент.
"Кыргыз өлкөсүнүн келечегин элестете албайт окшойм. Анткени биздин президенттерибиз дайыма жаман иштешет, ошол үчүн", - деди биздин суроого жооп бергендердин арасындагы жаштардын бири.
"Бардык нерсе башталат майдадан, байкабайт аны майда адам" деп коёт го. Ошо бардык нерсе майдадан башталса, аздан көп куралат да, буюрса баары болот. Менин келечегим үчүн Кыргыз мамлекети эч нерсе жасабай эле койсун, биз мамлекетибиз үчүн бир нерсе кылышыбыз керек. Эң негизгиси өлкөдө коррупция жок болсо", - деген оюн айтты сурамжылоого катышкандардын бири.
Каарманыбыздын дагы бири жаштардын майрамы менен куттуктап, аларды билим алуу менен алдыга карай өнүгүп-өсүүсүн каалады.
кошулду
СУРАМЖЫЛОО: Жаштар Кыргыз өлкөсүнүн келечегине ишенеби?
Автор: Гүлдана Мамадали кызы
Оператор: Айбек Алимов
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:58
2025-07-14
Рейтинг:
0

Бироонун жеке жашоосуна кийлигишпей эле койчу. Ишенеби ишенбейби, тенирчиби, исламистби, христянбы, атеистби сенин бир жерине куч келип жатабы.