Президенттик шайлоого аттануу үчүн 12-талапкер БШКга арыз менен кайрылды
Президенттик шайлоого аттануу үчүн Жеңишбек Байгуттиев Борбордук шайлоо комиссиясына арыз менен кайрылды. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Байгуттиев 1966-жылдын 9-майында туулган. Ал "Толубай" АКБ ЖААнын директорлор советинин кеңешчиси болуп эмгектенет.
Буга чейин Арстанбек Абдылдаев (Арстан Алай), Назарбек Нышанов, Кубан Чороев, Бектур Асанов, Адахан Мадумаров, Канат Исаев, Абдыкаар Сыдыков, Бакыт Бакетаев, Сазыкбай Турдумалиев, Нурлан Мотуев, Рашид Тагаев президенттикке талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арызын БШКга тапшырган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:55
2025-07-10

Рейтинг:
-3

