super.kg logo

Анжелика 42 айдан бери роза гүлүн тартуулап жүргөн адам бар экенин, Өктөм Сапар уулу апасы пневмония илдетин жеңгенин айтат. Шоу-бизнесте эмне кеп?

 

Бүгүн, 12-ноябрда президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров медиа өкүлдөрү үчүн жыйын өткөрсө, манасчы Дөөлөт Сыдыков 14 саат бою тынымсыз манас айтып "Гиннесстин рекорддор китебине" кирүү аракетин көрүп жатат. Ал эми шоу-бизнес тармагында кандай кептер болуп жатат?

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Юлия Руцкаянын апасын 1-октябрда милиция кызматкери унаасы менен сүзүп кеткен. Жабырлануучу ооруканага жеткирилип, ага баш мээсинин чайкалышы диагнозу коюлган. Аталган факты 155-берененин негизинде катталган.

Ырчы бүгүнкү күнгө карата апасынын абалы жакшы экенин, анын колуна коюлган гипс алынганын айтат.

"Апам экөөбүздүн чогуу түшкөн ар кандай сүрөттөрүбүз болгон. Бирок гипс менен эч качан сүрөт болгон эмес. Биз бардык кыйынчылыктарды жылмаюу менен жеңерибиздин символу катары бул сүрөтүбүз ушул жерде калсын. Апамдын колундагы гипсти алышты. Алдыда ден соолугун калыбына келтирүү бар, жамандын баары артта калды. Кудай буюруп, жакынкы күндөрү кайрадан фортепианодо ойноп каласыз.

Кыйын учурда бизге колдоо көрсөткөнүңүздөргө рахмат", - деген билдирүүсүн ырчы социалдык тармактагы баракчасына калтырган.

Буга чейин Инстаграмдагы баракчасынын ишин токтоторун айткан ырчы Анжелика жеке жашоосу тууралуу үн катты. Анда ал ар бир айдын 12-датасында гүл аларын, өздөрүнүн тарыхы үчүн сүрөткө түшөрүн жазган.

"Сен менден, мен сенден коркобуз... 42 айдан бери миллиондон ашуун роза гүлдөрүн тартууладың, 16 жылдан бери мени тааныйсың. Чыныгы эгоисттердей өзүбүз менен өзүбүз жашайбыз... Сен көз күйдүргөн бойдок, а мен эркин куштаймын. Бири-бирибиз менен көрүшпөйбүз дагы деле. Мына сага романтика", - деген билдирүүсүндө.

Ырчы Өктөм Сапар уулунун апасы пневмония илдетинен айыгып чыкты. Ал апасы 23 күн бою оору менен алышканын айтат.

"Апам 68 жашта. Дээрлик бир айга чукул убакыт бою пневмония илдети менен күрөштү. Апам ооруп калганда комага түшүп калган. Кудайга шүгүр, азыр абалы канааттандырарлык болуп ооруканадан чыкты. Акырындык менен ден соолугу калыбына келет дешти дарыгерлер. Атам дагы пневмония болуп, мен айылга барганда айыгып калган. Өзүм борбор калаада жүргөндө көпчүлүктүн катарында ооруп, айыккам", - дейт ал.

Ырчынын ата-энеси Баткен облусунун Кадамжай районундагы Кара-Дөбө айылында турушат.






Мурдагы Билим берүү министри Каныбек Исаков каза болду

Автор: Айжанар Рыспек кызы
Оператор: Элчибек Кыштообаев
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
12.11.2020. 18:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Анжеликаны укканда эле аллергиям чыгып кускум келет эмнегедир
12.11.2020. 19:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Ушул Анжелика деген неме тажабайт экен да, бир карасан куйоосу менен жараша калган, бир карасан ажыраша калган, бир карасан казакты суйуп аткан, эми болсо 42 жылдан бери гул берип жургон романтиги бар имиш. Бойдок секелек кыз болсо бир жон. Дагы болбой эле жеке жашоомду эми чыгарбайм деп алып эле кайра мактангандан тажабаган адам экен
12.11.2020. 22:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Aguwa,42 айдан де адашып кеттин окшойт.
12.11.2020. 23:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
nazira..., Ооба 42ай, адашып калдым
12.11.2020. 23:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Ошол гул берген адамдын да башы жок экен сага миллион короткон.
13.11.2020. 04:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушу миллион гул берген адам барбы же жон эле кылданат бекен тообо ушундай кыйын учурда кимге зарыл келди экен атайын 12чи числону тандап кайсы жинди экен аа эй
13.11.2020. 13:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азаматсын Октом,апалар оорубасын,ата-энене Аллах шыфаасын берсин,ата-энени караш керек.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: