super.kg logo

Садыр Жапаров: "100 миң сомго чейин насыя алгандардын 3 айлык үстөк пайызын төлөп беребиз"

 

Бүгүн, 12-ноябрда президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров жыйын өткөрүп, журналисттердин суроолоруна жооп берип жатат. Анда Жапаровго "Эл менен жолугушуу учурунда 100 миң сомго чейин насыя алгандарга жеңилдик боло тургандыгын айттыңыз. Эгер аны ишке ашыра турган болсо 1 миллиард 200 миллион сом керектелет экен. Бюджеттин тартыштыгы 35 миллиард сом болуп жатканда ал каражатты кайдан табасыздар? деген суроо берилди.

"100 миң сомго чейин алынган насыялар абдан көп экен. Анткени, өзүңуздөр билгендей 100 миңге чейин кандай адамдар насыя алат? Бул албетте турмушу начар жарандарыбыз алат. Биз ошолорго караштырып бюджеттин эсебинен эмес, башка булактардан таап, 1 миллиард 200 миллион сом жумшадык. 100 миң сомго чейин насыя алган жарандарыбыздын 3 айлык пайыздарын жаап берели дедик. Анткени, булар жылда эле суранып келе жатышат. Мындан сырткары, пандемия башталгандан бери көбүнчөсү ишсиз болуп калышты. Чечилбеген маселе жок, бардыгын чечсе болот. Бир гана иштеш керек. Дагы бир жолу кайталайм бул каражат бюджеттен алынган жок", - деп жооп берди Жапаров.






Садыр Жапаров: “100 миң сомго чейин насыя алгандардын 3 айлык үстөк акчасын төлөп беребиз“

Автор: Айзада Тураркулова
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(3)
12.11.2020. 15:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошондо качан күчүнө кирет болду экен. Анан кандай насыяларды? Билгендер болсо жазып койгулачы.
13.11.2020. 09:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
NURSAPAR,Толоп бердик деди го сиз толобон сураза садыр жапаров толоп койуптур ден.
13.11.2020. 09:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
NURSAPAR,Толоп бердик деди го сиз толобон сураза садыр жапаров толоп койуптур ден.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: