super.kg logo

Мурдагы билим берүү министри Каныбек Исаков каза болду

 

Мурдагы билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков каза болду. Маалыматты SUPER.KG порталына маркумдун жакындары тастыкташты.

Маалым болгондой, экс-министр пневмония дартынан улам каза болгон. Мындан сырткары ал кант диабети менен дагы жабыркап жүргөн.

Каныбек Исаков Ош мамлекеттик университетинин ректору, Кыргыз Республикасынын билим берүү министри кызматтарын аркалаган.

Ал 51 жашта болчу.

Филология илимдеринин доктору, профессор Каныбек Исаков - 1969-жылы Ош облусунун Ноокат районундагы Кызыл-Тейит айылында туулган. 1987-жылы Ош мамлекеттик университетине окууга тапшырып, 1993-жылы артыкчылык менен аяктаган.

Эмгек жолу:

1993-жылы Ош МУнун кыргыз филологиясы факультетинин тил таануу кафедрасында окутуучу болуп эмгек жолун баштаган.
1995-жылы “Нур” гезитинин башкы редактору болуп дайындалган.
1997-жылы Ош МУнун кыргыз филологиясы факультетинде декандын орун басары болуп иштеген.
1998-жылы Ош МУнун тарбия иштери боюнча ректордун жардамчысы кызматына дайындалган.
2000-жылы Ош МУнун коомдук жана тарбия иштери боюнча проректорлук кызматында иштей баштаган.
2005-жылы Ош МУнун мамлекеттик тил боюнча проректору болуп дайындалган.
2006-жылы Ош гуманитардык педагогикалык институтунун ректору болуп дайындалган.
2011-жылы Ош мамлекеттик университетинин ректору кызматына дайындалган.
2019-жылы Жогорку Кеңеш аны билим берүү жана илим министри кызматына талапкерлигин жактырып, 2020-жылы октябрь айында кызматынан алынган.

SUPER.KG порталынын эмгек жамааты Каныбек Исаковдун мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына байланышутуу үй-бүлөсүнүн, жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.






Мурдагы Билим берүү министри Каныбек Исаков каза болду

Автор: Айжанар Рыспек кызы
Оператор: Элчибек Кыштообаев
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(13)
12.11.2020. 16:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+25
Жаман болуп жатам, жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун. Жакшылардын жоготуу оор болуп жатат.
12.11.2020. 16:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
Арты кайрылуу болсун. Кыргызстандын келечеги учун кыла турган иштери коп эле...
12.11.2020. 16:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Каныбек Аке жакшы инсан эле, ак конул , оз ишин билген, мыкты адам эле. Жаткан жери жайлуу болсун, Аллах бейишин берсин. ОшМу которгон бирден бир адам. Уйбулосуно туугандарга конул айтабыз.
12.11.2020. 16:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Жаткан жери жайлуу болсун!
12.11.2020. 16:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Агай өтө жаман кабар угуп, кабыргабыз кайышып турат. Мыкты инсан элеңиз. Жаткан жериңиз жайлуу болсун деп, аргасыздыктан кош айтышып турабыз
12.11.2020. 17:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Өкүнүчтүү... Жаткан жери жайлуу болсун.
12.11.2020. 17:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Агай колубуз жетпесе да бизди окуткан деп сиз менен сыймыктанчу элек...
Жаткан жериңиз жайлуу болсун! Аллахым бейиштен орун берсин!
12.11.2020. 17:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-8
Жараткан Тенирим жаткан жерин жай кылсын
12.11.2020. 18:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Жакшы инсан эле, жонокой, кичипейил. Оор жоготуу болду, пандемия учурунда билим беруу системасына ото чон салым кошту. Аллахым бейиштен орун берсин.
12.11.2020. 18:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жаткан жери жайлуу болсун.Аллахым бейиштен орун берсин.
12.11.2020. 19:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Тенирим колдосун. Жаткан жери жайлуу болсун
12.11.2020. 20:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Жаткан жериниз жайлуу болсун Каныбек агай.
12.11.2020. 20:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Жакшы адамдын арабыздан эрте кеткени өтө өкүнүчтүү. Кыргыз тил илимине, кыргыз билим берүү тармагына зор эмгекти жасай турган,энергияга толуп жаш илимпоздорго жол көрсөтөөр мезгилде кете берди. Кыргыздын дагы бир бактысы,байлыгы кесилди. Жаткан жери жайлуу болсун.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: