super.kg logo

Казакстандын Каратөбө районунун акими жашоочулардын көзүнө арбак көрүнүп жатат деп курмандык чалып, түлөө өткөрдү (видео)

 

Коңшу өлкөнүн Каратөбө районундагы Ханкөл айылынын тургундары алар жашаган аймакта белгисиз аялдын арбагы пайда болгонун айтышууда. Бул тууралуу Казак маалымат булактары жазып чыгышты.

"Чачы ачык түстөгү аял чоң жолдун боюнда жүрөт. Андан аялдар гана эмес, айдоочулар да коркуп жатышат", - деп жазылган социалдык тармактарга.

Ал эми район башчысы Талап Казиев жергиликтүүлөр менен курмандык чалып, түлөө өткөргөндөрүн билдирген.

"Жергиликтүүлөрдүн айтымында жүк ташуучу унаа келе жаткан маалда белгисиз аял жолдо жүргөн. Унаа андан качып келе жатып башка унаа менен сүзүшүп кала жаздаган. Бирок мен деле дайыма ушул жол менен жүрөм андай нерсени көргөн эмесмин. Жергиликтүүлөр ишенип жана коркуп калышыптыр буга байланыштуу тиешелүү ырым-жырымдарды жасадык. Ал эми интернетте жүргөн видео чынбы же монтаждалганбы азырынча белгисиз", - деп билдирген Казиев.






Казакстандагы аялдын арбагы (Эскертүү сөгүнгөн сөздөр бар)

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(5)
12.11.2020. 17:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Мүмкүн ошол аралыкка бирөө өлтүрүп таштап кеткендир,кепинделбей калган сөөктүн арбагы тынч албайт дешетко,ошол айлананы жакшы карашып,сөөк чыкса кепиндеп кайрадан жерге беришсе тынч алып калаар беле.
12.11.2020. 18:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Бул атайын эле бироо ак жамынып алып коркутуп журот окшойт. Мындайча айтканда бул иш кээбир адамдардын хоббисиго
12.11.2020. 23:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
bekalife,пистолет менен атып көрбөптүр,дыркырап качып жөнөйт беле деймда,коркуткан бирөө болсо.
14.11.2020. 09:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kuyoo_bala,сен барып атып көрчү.
16.11.2020. 20:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кызыл көйнөкчөн келин деп бир кездери көл тараптан ызы-чуу болгон болчу.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: