Орусияда сутка ичинде 400гө чукул адам коронавирустан каза болду
Орусиянын 84 аймагынан акыркы бир сутка ичинде 22 миң 702 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды. 391 адам каза болсо, 18 миң 626 бейтап айыгып чыкты. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазышууда.
Маалыматка ылайык, сутка ичинде коронавирус инфекциясы аныкталган адамдардын ичинен:
Москва шаарында - 6427 (айыккандар 4423);
Санкт-Петербург - 1852 (айыккандар 943);
Москва облусу - 786 (айыккандар 514);
Нижегород облусу- 441 (айыккандар 418) адам жана калгандары башка аймактардан.
Бул көрсөткүч менен Орусиянын 85 аймагынан жалпы 1 миллион 903 миң 253 адамдан коронавирус аныкталды. Анын ичинен 32 миң 834 адам каза болсо, 1 миллион 425 миң 529 бейтап айыгып чыкты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:05
2025-07-13
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.