super.kg logo

"Дагы көбөйүшү мүмкүн". Карабахта согуш башталгандан бери Армениянын 2 миңден ашык аскери курман болду

 

Тоолуу Карабахта Армения-Азербайжан кагылышуусу башталгандан бери, тагыраагы 27-сентябрдан 9-ноябрга чейин Армениянын 2 миң 317 аскери курман болду. Бул тууралуу Армениянын Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Алина Никогосян билдирген.

"Бүгүнкү күнгө чейин биздин соттук-медициналык кызмат 2 миң 317 каза болгон аскер кызматкерлеринин денесине экспертиза жүргүзгөн. Алардын арасында белгисиз жансыз денелер дагы бар. Душмандарда калган аскер кызматкерлеринин сөөктөрүн алмаштыруу процесси жаңы эле башталды. Ошондуктан каза болгон аскер кызматкерлеринин саны өсүшү мүмкүн", - деген Никогосян.

Азербайжан тарап азырынча каза болгон аскер кызматкерлери жөнүндө үн ката элек.

Буга чейин Орусия, Армения жана Азербайжандын лидерлери Карабахта ок атышпоо боюнча биргелешкен билдирүү кабыл алышканы белгилүү болгон. Келишим боюнча толугу менен ок атууну токтотуу 10-ноябрда башталат, Азербайжан менен Армения өз позицияларында токтойт, ошондой эле туткундарды алмаштырышы керек.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: