super.kg logo

Кримтөбөл Батукаевдин иши боюнча Жогорку Сотто өтө турчу отурум кайрадан жылдырылды

 

Бүгүн, 16-ноябрда Жогорку Сотто кримтөбөл Азиз Батукаевдин иши боюнча соттук процесс өтмөк. Бирок ал соттордун бири ооруп калганына байланыштуу жылдырылганын Жогорку Соттон маалымдашты.

Мурда жактоочу Замир Жоошев билдиргендей, бүгүн Жогорку Сотто мурдагы өлкө башчы Алмазбек Атамбаевдин райондук жана шаардык соттордун иши боюнча чыгарган чечимдерин жокко чыгаруу жана ишти кайра кароо боюнча берилген доо арызы каралмак.

Жогорку Соттун басма сөз кызматы кийинки соттук процесс качан болору белгисиз экенин билдирди.

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин камактан мыйзамсыз бошотулушу боюнча жалпы 19 адамга айып тагылган. 2019-жылдын август айына карата алардын 14ү үй камагына алынып, 4 адам камакта кармалып, бирөөнө издөө жарыяланган.

Айыпталып жаткандардын арасында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаева, ЖАМКнын төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиев жана Улуттук гематология борборунун мурдагы жетекчиси Абдухалим Раимжанов болгон.

Алардын иши Биринчи Май райондук сотунун өндүрүшүндө "коррупция" беренеси боюнча каралып, 2020-жылдын 23-июнунда сот мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди күнөөлүү деп таап, 11 жыл 2 айга эркинен ажыратканы тууралуу чечим чыккан. Ал эми Индира Жолдубаева бул иште күнөөлүү деп табылып, 5 миллион сом айып пул төлөөгө милдеттендирилсе, Абдухалим Раимжанов менен Калыбек Качкыналиев бул иште күнөөлүү деп табылып, бирок кылмыш жообуна тартуу мөөнөтү өтүп кеткендиктен ага жаза чегерилбей, сот залынан бошотулган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: