super.kg logo
  Саясат  

Президенттин милдетин аткаруучусуна тышкы иштер министри чет өлкөлөрдөгү кыргыздардын укуктарын коргоо маселелери тууралуу маалымат берди

 

Бүгүн, 17-ноябрда президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов тышкы иштер министри Руслан Казакбаевди кабыл алды. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө Казакбаев өлкөнүн тышкы саясатынын артыкчылыктуу багыттарын өнүктүрүү жаатындагы ишмердүүлүгү, жогорку деңгээлде жетишилген келишимдерди жүзөгө ашыруу боюнча иштер, ошондой эле чет өлкөлөрдөгү кыргыздардын укуктары менен кызыкчылыктарын коргоо маселелери тууралуу маалымат берди.

Президенттин милдетин аткаруучу чет өлкөлүк өнөктөштөр менен эки жакка тең пайдалуу жана иштиктүү байланыштарды ырааттуу өнүктүрүү үчүн тышкы саясатты мындан ары натыйжалуу жүргүзүүнүн зарылдыгын баса белгиледи.

Талант Мамытов Тышкы иштер министрлигинин алдына өлкөнүн тышкы саясий курсун мындан ары ишке ашырууга багытталган бир катар конкреттүү милдеттерди койду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: