2017-жылга чейин билим берүү тармагын өнүктүрүү үчүн 2 миллиард 147 миллион сом жумшалат
2017-жылга чейин билим берүү тармагын өнүктүрүү үчүн 2 миллиард 147 миллион сом жумшалат. Бул тууралуу КСДП фракциясынын 27-сентябрдагы жыйынында экономика министри Темир Сариев билдирди. Фракция мүчөлөрү Кыргызстанды 2013-2017-жылдары туруктуу өнүктүрүү программасын талкуулашууда. “Билим берүү Конституцияда жазылгандай акысыз бойдон калат. Билимдин сапатын жогорулатыш керек. Бул тармакта да атаандаштык болуусу кажет. Программада мектепке чейинки окутуучу жеке менчик мектептердин ачылуусу, мамлекеттик буйруктун негизинде мугалимдерди даярдоо маселеси каралган”,-дейт министр.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:45
2025-07-13

Рейтинг:
0

