БШК президенттикке талапкер Садыр Жапаровдун сүрөтү түшүрүлгөн баннер боюнча үн катты
Социалдык тармактарга президенттикке талапкер Садыр Жапаровдун сүрөтү түшүрүлгөн баннер Ош облусунун Өзгөн районундагы Кароол айылына илинген видео жарыяланды.
Борбордук шайлоо комиссиясы президенттикке талапкер Садыр Жапаровдун сүрөтү түшүрүлгөн баннер боюнча үн катты.
"Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасынын айтымында, баннер алынып салынды. Бул факт боюнча акт түзүлдү. Бул мыйзам бузууну 1957-жылы туулган В.Р. аттуу жаран жасаган. Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясы эртең, 20-ноябрдагы отурумунда бул маселе каралат. Үгүт иштери 15-декабрда башталат. Учурда ар кандай үгүт иштерине тыюу салынат", - деп жазылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:48
2025-07-11

15:52
2025-07-11
Рейтинг:
1

Азыр Кыргызстанда ушул эки адат менен алдыга жыла албай турабыз...