super.kg logo

Шалы, пал, акжубаз, "чачыраган" Өзгөн күрүчүнөн палоо бир репортажда

 

Өзгөн күрүчү баалуулугу жана популярдуулугу жагынан алдына эч бир күрүчтү салбасы анык. Аны атайын алыскы жактарга буйрутма берип алдырып жана атайын Өзгөнгө Өзгөн күрүчүнөн жасалган палоону жеш үчүн барган коноктор көп. Биз Ошко болгон сапарыбызда айтылуу Өзгөн күрүчүнүн өскөн тааласынан баштап казанда кайнап, даамдуу палоого айланганга чейинки процесси менен тааныштык.

Биз тамшанып жеген Өзгөн күрүчүнөн жасалган аш даярдалганга чейин көп кыйын этаптарды басып өтөт.

Жергиликтүү дыйкандын айтымында, алгач жер айдалып, суу тегиз жаткыдай болуп даярдалган төрт бурчтук жерге урук себилет. Ал жер пал деп аталат.

Ылай шыбалган палга суу толтурулгандан кийин ичин чөп чардан тазалоо үчүн малаланат. Андан кийин урук себилип, урук 20 күндүн ичинде көгөрүп өсүп чыгат. Шалы бышканга чейин 2 ирет отолот. Ал канчалык жакшы отолсо, күрүчкө күрмөк аралашпай жакшы түшүм берет. Шалы саргайып бышкандан кийин ал орок менен же техниканын жардамы менен орулат. Орулган шалы дандуу жагы ичине, сабагы сыртына караган абалда үймөк болуп жыйналат. Күнгө жайылган шалы эми акжубазга (акжубаз деген күрүч актоочу атайын аппарат) түшөт.

Күрүч талаасынан чыгып, биз шаардагы тамактануучу жайларды көздөй сапарыбызды уладык. Эми биз Өзгөндүн бренди аталган өзгөн күрүчүнөн жасалган аштын жасалуу процесси менен таанышабыз.

Бизге Өзгөн ашын шаардагы тамактануучу жайлардын биринде көп жылдан бери ашпозчу болуп эмгектенип келе жаткан ашпозчу Мадаминбек Исакжанов көрсөтүп берди.

Керектелүүчү азыктар: 400 гр. куйрук май, 1 кг. майлуу кой эти, 1 кг сабиз, 1 кг. Өзгөн күрүчү, 250 гр. пияз 2 литр суу, татымына жараша зире жана туз.

Алгач кызыган майга төрт бурчтуу кесилген куйрук майы салынды. Ал толук эригенден кийин эт менен пияз куурулду. Сары сабиз менен өзгөн ашы даамдуу болгондуктан ашка сары сабиз колдонулат.

Сабиз куурулгандан кийин суу куюлуп, ал кайнап жарым сааттай убакыт өткөн соң ага чейин чыланган күрүч салынды.

Мына ошентип биз тамшанып күтүп жаткан Өзгөн күрүчүнөн жасалган өзгөчө Өзгөн палоосу даяр болду.

Атайын алыстан жол арытып келип Өзгөн күрүчүнөн жасалган өзгөн ашын жебей кетпесек болбойт деп биз чайханадан даам сызып, ашпозчунун ашын жеп, күүгүм киргенде шаарга кайттык.


кошулду





Өзгөн күрүчү - айдалгандан тартып табакка палоо болуп тартылганга чейин

Автор: Гүлшат Ысамамат кызы
Оператор: Элчибек Кыштообаев, Айбек Алимов
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 6 
Комментарийлер(1)
20.11.2020. 15:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бул гүрүчтү көчүрмө кылып эгебиз өзү өзгөндүн гүрүчү биричи орунда турат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: