super.kg logo
  Саясат  

"Ата журтчу" 3 депутатты актаган судьяларды иштен айдоо тууралуу токтом кабыл алынды

 

Соттор кеңеши "Ата журт" партиясынын депутаттары Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовду бардык беренелер боюнча актаган Бишкек шаардык сотунун судьялары Курманкул Зулушев менен Медер Сатиевди жумушунан бошотуу тууралуу токтом чыгарды. Бул тууралуу маалымат булактарына Сатиев өзү билдирди. Анын айтымында, аталган кеңеш токтомду президент Алмазбек Атамбаевге тиешелүү жарлык кабыл алууга жиберет.   

"Кечээ Соттор кеңешинин жыйынында 3 депутатты актаган чечимибизде мыйзам бузуулар болбогонун далилдедик. Бирок буга карабай Жогорку Соттун жетектөөчү судьясы Жакып Абдрахманов бизди жумуштан айдоо боюнча токтом чыгарды",- дейт Сатиев. Зулушев менен биргеликте укугун коргош үчүн 10-15 күндүн ичинде апелляциялык арыз менен кайрыларын билдирди.    





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: