super.kg logo

Эже-сиңди Шевченколор бразилиялык айымдарга каршы чыгышат. O!TV тиркемесиндеги UFC ТВ каналында UFC 255 турнири

 

Биринчи жолу эже-сиңди Шевченколор бир беттеште чогуу чыкканы турушат. Жекшембиде, 22-ноябрда Лас-Вегаста UFC 255 турниринин шоусу өтөт. Бул турнирдин эң башкы окуяларынын бири эң жеңил салмактагы UFC чемпиону Валентина Шевченко менен чемпиондукка талапкер бразилиялык Дженнифер Майанын беттеши болуп саналат.

Валентина Шевченко UFC турнириндеги эң үстөмдүк кылып келе жаткан аял бойдон келүүдө. Кыргызстандык чемпион айым өзүнүн чемпиондук титулун Дженнифер Майадан коргойт. Бирок бразилиялык айым Шевченкодон Чемпиондук титулун тартып алам деп коркутууда, ал гана эмес өзүнүн мекендеши Нуньестен бир нече кеңештерди алууга жетишти. Кошумчалай кетсек, Нуньес – UFC турниринде Валентинаны бир эмес эки жолу уткан мушкер болуп саналат.

Жеңилбес эч ким болбойт. Мен өзүмдү жеткиликтүү деңгээлде даярдыктамын деп эсептейм, эгер Валентинаны жеңе турган киши бар болсо, ал анда менмин, – деп билдирди Майа.

Валентина оор басырыктуу, өзүн кармануу менен: «Даярдык стандарттык режимде өтүп жатат. Биз иштеп жатабыз, машыгуудабыз, өзүбүздүн бардык көндүмдөрүбүздү өркүндөтүп жатабыз. Булар өзүбүздү жогорку чекке алып келүү үчүн күн сайын аткарылчу иштер. Биздин машыктыруучубуз Павел Федотов бизди беттештерге мыкты даярдады. Биз даярбыз, дагы эки күн жана биз марага жетебиз».

Валентинанын эжеси – Антонина «Зомбулуктун ханышасы» каймана аты менен таанымал дагы бир бразилиялык мушкер айым Ариане Липски менен беттешет. Экөөнүн жеңишке жетүү мүмкүнчүлүктөрү бирдей.

Кайдан, качан жана канчада көрүү керек?

Шевченко – Майа беттешин, ошондой эле UFC 255 турниринин башка беттештерин жекшемби күнү эртең менен O!TV тиркемесиндеги UFC ТВ каналынан ЭКСКЛЮЗИВДҮҮ көрсө болот.

Антонина Шевченко дагы бирөөнө катыша турган кызыктыруучу беттештер бишкек убактысы боюнча саат 7:00дө башталат. Валентина Шевченконун катышуусу менен күндүн башкы беттеши боло турган негизги карддын башталышы – саат 9.00дө.

O!TV тиркемесин https://o.kg/l/otv/ жүктөп алыңыз. *750*3# буйрутмасын териңиз да, суткасына болгону 7 сомго «O!TV Премиум» топтомун кошуп алыңыз. O!TV тиркемесин кайда болбоңуз каалаган түзүлүштө – смартфондо, планшетте, ноутбукта же Smart TV функциясы менен Sony, Phillips, Samsung телевизорлордон көрүңүз.

O!TV сервиси тууралуу кененирээк маалымат otv.kg сайтында.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
21.11.2020. 12:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Валя, Аня алга ийгилилик
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: