Бир суткада дагы 19 ак халатчандан илдет аныкталды
Бир сутка ичинде өлкө боюнча 19 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Республикалык штабдын маалыматына ылайык, алар төмөнкү аймактардан.
Бишкек шаары – 6;
Чүй облусунда – 7;
Ош – 1;
Ысык-Көл облусунда – 4;
Жалал-Абад облусунда – 1;
Ал эми бир суткада стационардан 7 медкызматкер чыгарылган.
Өлкө боюнча медицина тармагынын жалпы 3 миң 806 кызматкери илдетти жуктуруп алса, алардын ичинен 3 миң 532си айыгып чыкты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:51
2025-07-12

22:48
2025-07-11

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.