"Эки тарап тең күнөөлүүбүз". Ырчы Кайрат Примбердиевдин жубайын унаа сүзүп кетти



Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Кайрат Примбердиевдин жубайы кырсыктады. Бул тууралуу ырчынын жубайы Эля Примбердиева социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.
Айтымында, бул тууралуу өзү кабардар кылууну туура көргөн, эртеби-кечпи баары бир ачыкка чыкмак.
"Мени унаа сүзүп кетти. Эки тарап тең күнөөлүүбүз. Айдоочу экинчи тилкеден, мен болсо уруксат берилбеген жерден өткөм. Кудай сактады. Учурда мен ооруканадамын, шейшемби күнү операция жасалат. Бет сөөгүм талкаланган, кырсык күтүлбөгөн жерден келет турбайбы", - деп жазылган билдирүүдө.
Ал эми Кайрат мырза учурда жубайынын абалы туруктуу экенин билдирди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-07-04

19:23
2025-07-02
17:23
2025-07-02
Рейтинг:
0

Бул кырсык деп койот
Эсен аман айыгып кетиңиз
Анан жол эрежелерине бир аз көңүл буруп койолу