Депутат Бекешев 2021-жылы бюджет тартыштыгын азайтуу багытындагы өкмөттүн аракетин сурады
Бүгүн, 24-ноябрда Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин кезектеги жыйынында бюджет тууралуу мыйзам долбоору каралды.
Депутат Дастан Бекешев 2021-жылы бюджеттеги тартыштыкты азайтуу багытындагы өкмөттүн аракетин сурады.
Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, вице-премьер-министр Артём Новиков салыктык жараяндардын фискалдаштыруу менен санариптештирүү аркылуу салыктык түшүүлөрдү көбөйтүү жаатында иштер жүргүзүлөрүн билдирди. "Өнөктөштөр менен сүйлөшүп, эл аралык инвестициялык алакаларды арттыруу багытында сүйлөшүүлөрдү улантып жатабыз", - деди Новиков.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:55
2025-07-10

Рейтинг:
0

