Алма сатып элдин аёо сезимин ойготкон 73 жаштагы карыя жашоо турмушун баяндайт (видео)






Бир кездеги инженер
Өзүм Бишкекте төрөлгөнмүн. Мектепти аяктаган соң армияга барып, жигиттик парзымды аткарып келдим. Келгенден соң техникумда окуп, инженер-конструктор кесибине ээ болдум. Жыйырма жылдан ашык ар кандай заводдордо инженер болуп иштедим. Пенсияга чыккандан бери алма сатып жашоомду өткөрүп жатам.
Аксаган турмуш
Эки кыз, 1 уул, 6 неберем бар. Биринчи турмушумдагы кызым азыр эки баласы менен менин үйүмдө жашайт. Калгандары ар кайсы жерде батирде турушат. Алма сатып, тапкан акчама керектүү нерселерди алып, балдарыма жардам берем. Мамлекеттен 6 миң сомго жетпеген пенсия алам. Бирок ал акча дары-дармегиме кетет. Кызым дагы пандемия күчөгөндөн бери иши жок үйдө отурат. Алардын кем-каржысынын баары менин мойнумда.
Талашка түшкөн үй
Жашап жаткан үйүм атамдан калган. Ал согуштун ардагери болчу. Мен аскерден келип, ушул үйдү өзүм салганмын. Кийин атамды дагы өзүм карап жүрдүм. Атам көзү тирүүсүндө үй сага калат деп айтып калчу. Ал учурда мен үйгө тиешелүү эч кандай документ жок экенин билбептирмин. Атам өлбөчүдөй эле жүрө бериптирмин. Атам каза болгондон кийин бир тууган иним мага айтпастан, үйгө документ жасатып, уулуна жаздырып алыптыр. Иним экөөбүз ушул үйдү талашып, бир топ жылдан бери урушуп келебиз. Анын өзүнүн үйү бар. Шаардын ичинде атамдан калган батирди да ошол алган. Атамдын барында тил кат жаздырып албаганыма өкүнөм.
кошулду
Алма саткан атанын аянычтуу жашоосу









1 |