Мас абалда уруша кеткен. Чүйдө күйөөсү аялын бычактап салган
Чүйдүн Аламүдүн районунда күйөөсү аялына бычак сайган деп шектелип кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 24-ноябрь күнү саат 16:37 чамасында Аламүдүн РИИБине бычактан алган жаракатынан улам аял киши ооруканага жетпей каза болгону боюнча маалымат келип түшкөн. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
Териштирүү иштеринде шектүү катары 41 жаштагы З.В. аттуу жаран кармалган. Алдын ала маалыматтар боюнча аялы күйөөсү мас абалда уруша кетип, шектүү ашкана бычагы менен аялын сайып жиберген. Маркум 22 жаштагы Б.Л. болгон. Ал ооруканага жетпей жолдо жан берген. Учурда териштирүү иштери жүрүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:23
2025-07-14

9:38
2025-07-13

Рейтинг:
-1

Комментарийлер(1)
Daniel8885

25.11.2020. 19:46
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Олум жазасын киргизуу зарыл болуп калды...ото эле мараз адамдар кобойду ...кырылып бутмой болдук...кундо кылмыш авария + вирус
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.