Поэтерапия: "Акынсыңбы же юристпи?" – дебегин, эң башкысы элге тийсин керегим"

Юристтин жаңы мыйзамы
"Акынсыңбы же юристпи?" – дебегин,
Эң башкысы элге тийсин керегим.
Юристмин деп жазбай коюп ырларды,
Чанмак белем?, акындык Кудай белегин.
Четке кагып багыт тандоо көйгөйүн,
Эң башкысы бакыт жолун көздөйүн.
Буга мисал, Мырза аттуу жигиттин,
Маселесин чечкенимди сөздөйүн:
Окуп берсем чын сүйүүнүн ырларын,
Каны чыкты жүрөгүнөн Мырзанын.
Жалган сүйүү кылмышыны жоём деп,
Мен ошондо жаздым сүйүү мыйзамын.
Жүргөндөр көп, ак сүйүүнү каралап,
Түгөйүнүн жаш жүрөгүн жаралап.
"Аппак сүйүү" беренеси боюнча,
Андайларды соттоо керек, жазалап!

ЭКГ
Медицина илимин алга алпарат,
"Рентген", "УЗИ", "ЭКГ" деген аппарат.
Жүрөгүмдүн согушун көргүм келгенде,
Төрт бурч экран – ЭКГ кызмат аткарат.
Уйкум качып, бузулганда түштөрүм,
Доктор айтты: "ЭКГга түш, көрүн".
Көрүнгөндө карап турдум тамшанып,
Сызыктардын өйдө-ылдый түшкөнүн.
Өйдө-төмөн жашоодо жашап көнгөнүм,
Мен экрандан жыландай сызык көргөнүм.
Бекер тамак, тегиздик күтсөм тагдырдан,
Түптүз сызык – денем бар, бирок өлгөнүм.
Көлдөгү сүйүү
Ак сүйүүнүн кенен жолу тарайып,
Жол түгөндү, демек бизде бар айып.
Бирок айып көрүнбөйт, анын себеби,
Ак сүйүүбүз кеткен эчак карайып.
Сен жана мен алгачкы түн кечесин,
Тоскон элек жасап сүйүү кемесин.
Бирок эми, ошол турган кемеден,
Көрүп калдык жөргөмүштүн желесин.
"Сүйөм" сөзүн улам айта жарышып,
Бирге болдук сүйүү отун чачышып.
Бирок азыр, экөөбүздүн сүйүүбүз,
Көл түбүндө жатат жерге жабышып.

кошулду
2
1 |

Супер-Инфо
super.kg видео















