Президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Курманбек Дыйканбаев эки айга УКМКнын СИЗОсуна камакка алынды
Президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Курманбек Дыйканбаев эки айга УКМКнын СИЗОсуна камакка алынды. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ал 2021-жылдын 24-январына чейин камакта болмокчу. Мындай чечимди Биринчи Май райондук соту чыгарган.
Курманбек Дыйканбаев октябрь айындагы шайлоо өнөктүгү убагында стратегиялык маанидеги ишканалардын биринин жетекчисин кызматтан алып саларын айтып, бир партиянын кызыкчылыгы үчүн 7 миллион сом берүүгө мажбурлаганы айтылган.
Эске салсак, кармалган адам 4-октябрдагы парламенттик шайлоого "Биримдик" партиясы менен катышкан. Президенттин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү болуп 2018-жылдын февраль айында дайындалган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:23
2025-07-14

Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
kuba.kq8705

27.11.2020. 16:17
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
А.Атамбаевдин шоопуру И.Илмянов каякта кабар барбы
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.