super.kg logo

Ысык-Атада кызматкерлерге баш ийбей аларды коркуткан жарандарга милиция ок чыгарды

 

Чүйдүн Ысык-Ата районунда ички иштер органдарынын кызматкерлерине зомбулук көргөзгөн жана коркуткан окуя боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 26-ноябрь күнү Чүй облусу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери жана финполдун кызматкерлери рейд учурунда, Ысык-Ата аймагындагы көзөмөл өткөрмө жыйынынан Мерседес-Бенц унаасынын тиешелүү документтерин текшеришкен. Унаадагылар кызматкердин талабына баш ийбей качууга аракет кылышкан. Кызматкер аркасынан жетип келип, унааны токтоткондо адамдар кызматкерге каршылык көргөзүп, кызматкерлер асманга ок чыгарган.

Бул окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, окуя болгон жерге тергөө ыкчам тобу чыгышкан. Жүргүзүлгөн териштирүү иштери учурунда автоунаалардын биринин айдоочусу аныкталган. Ал 23 жаштагы М.М. аттуу жаран экендиги такталган. Андан сырткары машина айып жайына токтотулуп, тергөө кызматы унаадан скотч менен оролгон буюмдарды табышкан. Аларга зарыл болгон экспертизалар дайындалып, сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: