super.kg logo

Алмазбек Атамбаевдин абактагы жолугушуусу жашыруун камерага тартып алынган видео боюнча Аскер прокуратурасы тергөө ишин баштады

 

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен анын жактоочусу Сергей Слесарёвдун абактагы жолугушуусу жашыруун камерага тартып алынган видео боюнча Аскер прокуратурасы тарабынан сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында тергөө башталды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына жактоочу Замир Жоошев билдирди.

"Бул боюнча иш козголуп, Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "Өзүнө же башкаларга пайда же артыкчылык алуу максатында же башка жеке кызыкчылыктардан улам кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси менен катталды" , - дейт жактоочу.

Буга чейин 17-ноябрда Замир Жоошев узактыгы 42 мүнөттөн ашкан Атамбаев менен Слесарёвдун сүйлөшүүсү тууралуу видео 5-октябрда Ак Үйдөн табылгандыгы тууралуу билдирген. Ал эми 19-ноябрда жактоочу Башкы прокуратурага арыз менен кайрылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: