Таалайбек Кулмендиев, “Кыргызфильмдин” башкы директору: "Кыргыз тасмаларынын ийгилиги кубантууда"
КМШ өлкөлөрүндө кыргыз киносуна болгон ишеним жогорулай баштады. Анапа шаарында өткөн “Киношок” жана Казакстанда өткөн “Евразия” кино фестивалдарында кыргыз тасмаларынын ийгилик жаратышы да буга өбөлгө болду. Бул тууралуу 30-сентябрда маалымат жыйында кино изилдөөчү Гүлбара Төлөмүшова билдирди.
“Бир учурда эки фестивалга катыштык. Тасмаларыбыз көрүүчүлөргө жакшы таасир калтырып, сынчылардын мактоосуна татыды”,- дейт ал. Т.Океев атындагы “Кыргызфильм” киностудиясынын башкы директору Таалайбек Кулмендиев: “Биз атайын даярдалган 10 тасманы көрсөттүк. Калыстардын атайын сыйлыгына татыктуу болгон Темир Бирназаровдун “Кызыгуу” тасмасынын жана башка режиссёрлорубуздун ийгиликтери кубандырууда”,- деди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
1

Комментарийлер(1)
gooool

30.09.2013. 18:23
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
дагы да ийгиликтер болсун...
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.