super.kg logo

Алмазбек Атамбаевди абактан бошотууну Биринчи Май райондук соту чечет

 

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен эркиндикке чыгышы мүмкүн.

Бул тууралуу Жогорку Соттун маалымат кызматынан кабарлашты.

Мекеменин маалыматына ылайык, Атамбаевге карата чыккан өкүм жокко чыгарылып, райондук сотко кайра башынан кароого жөнөтүлгөн.

Буга чейин Алмазбек Атамбаевдин абактан чыгышы мүмкүн экенин анын жактоочусу Сергей Слесарев билдирген болчу.

Анын айтымында, акыркы сот отурумунда мурдагы чечимдер жокко чыгарылгандыгына байланыштуу мыйзам боюнча Атамбаев абактан чыгышы керек.

Кечээ, 30-ноябрда Жогорку Сот кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу Биринчи Май райондук сотунун Алмазбек Атамбаевге чыгарган өкүмүн жокко чыгарып, аны райондук сотко кайра кароого жөнөткөнү маалымдалган.

Окуянын чоо-жайы:

Мындан 7 жыл мурун Нарын шаардык соту кримтөбөл Азиз Батукаевди "айыккыс дартка чалдыкты" деген жүйө менен бошотуп, ал ошол эле күнү өлкөдөн чыгып кеткен.

2019-жылдын апрель айында башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов 2019-жылдын январь айынан тартып кримтөбөл Азиз Батукаевдин иши кайрадан карала баштаганын айткан.

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан бошотулушун кайра кароо иши боюнча бардык кабарларды ушул шилтемеден окуй аласыз.









 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(6)
01.12.2020. 20:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Кытайдан карызды батукаевти дача суудагы кырсык таза адамдардын камалып кеткени атамбайдын убагында ошолорду унутуп кантип эркиндике чыгарасынар
01.12.2020. 20:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Бул чыгып кетсе, ТЕЦ, Батукаев, Дачасуудагы кылмыштарга ким жооп берет? Бул мурда жоопкерчиликти мойнума алганга даярмын, Сапарды чыгаргыла деген элего. Эми сапарыда качып кетти, Ответственностьу ким алат анда?!
01.12.2020. 20:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ана биздеги мыйзам....
01.12.2020. 21:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
уялбайсыңарбы акчасын алып эле чыгарып койосуңарбы ушинтип. Чындык жок бизде
01.12.2020. 22:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Атамбайды кустуруш керек куйруктарын кошуп 386 млн$ жеп жонеле чыгарабы
02.12.2020. 10:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jokebai,386млн$жеп жатканда,кошо жештинби же,карап турдун беле.точно билген немедей айттын го.билсен жаз да баш прокуратурага арызынды жеген деп.и так куноосу жок деп бошоткону жатат,сен 386млн$жегенин далилдесен турмодо калат эле
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: