super.kg logo

Белгилүү актёр Замир Сооронбаев 65 жашка толду

 

Бүгүн, 1-декабрь - Кыргыз Республикасынын эл артисти, белгилүү режиссёр, актёр Замир Сооронбаевдин туулган күнү. Ал бүгүн 65 жашка чыгып, кутман курактын чайын ичип отурган кези.

SUPER.KG порталы актёрдун жубайы Калича Сейдалиевага байланышып, агайдын ден соолугу тууралуу кабар алып, туулган күнү менен куттуктады.

Анын айтымында, учурда туулган күндү жакындарынын курчоосунда өткөрүшүүдө.

"Бизде баары жакшы. Жакындардын курчоосунда туулган күндү белгилеп жатабыз", - деп билдирди актёрдун жубайы.

Замир Сооронбаев 1975-жылы Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрынын алдындагы студияны, 1979-жылы Ташкенттеги Александр Островский атындагы театр жана сүрөт өнөрү институтунун актёрдук факультетин бүткөн.

1979-жылдан Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрында иштеген. Кийин 1985-жылдан Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство институтунда актёрлук чеберчилик боюнча окутуучу, доцент болуп эмгектенген.

Ал бир нече спектаклдерде жана кинотасмаларда башкы ролдорду аткарган. Сооронбаев каармандарынын ички дүйнөсүн, мүнөзүн таасын ача билген мыкты актёр катары өлкөбүздө белгилүү.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 6 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: