super.kg logo

Чүйдө жалпы суммасы 35 миң сомду түзгөн тамекилерди уурдаганга шектелген жаран кармалды

 

Чүй облусунда жалпы суммасы 35 миң сомду түзгөн тамекилерди уурдаганга шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 2-декабрда Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Белгилүү болгондой, ушул жылдын февраль айында Москва РИИБине Александровка айылынын 30 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган.

"Арыздануучу азык-түлүк саткан дүкөнүнүн эшигин талкалоо жолу менен кирип, тамекилерди жана 1500 сомду уурдап кеткен жаранга карата чара көрүүнү өтүнгөн. Уурдалган тамекилердин жалпы суммасы 35 миң сомду түзөрү көрсөтүлгөн. Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 200-берене (уурулук) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

Издөө, тергөө иштеринин алкагында шектүү делинген жаран 30-ноябрда кармалды. Шектүү 1993-жылы туулган О.Н. экени жана ал Сокулук районунун аймагында жашай турганы белгилүү болду. Учурда сотко чейинки тергөө иштери улантылып жатат", - дешти мекемеден.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: