super.kg logo

Бишкекте тоноочулукка шектелген жаран кармалды

 

Бишкек шаарында тоноочулукка шектелип 32 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Октябрь райондук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, 27-ноябрь күнү саат 19:00 чамасында Бишкек шаарындагы 6-кичи райондо белгисиз адам аялга кол салып, сумкасын күч менен тартып алган. Сумканын ичинде 94 миң 600 сом болгон.

Бул факты Кылмыш-жаза кодексинин 201-беренеси ("Каракчылык") боюнча реестрге катталып, сотко чейинки өндүрүш башталды. Укук коргоо кызматкерлери 32 жаштагы П.Н аттуу шектүүнү кармашып, убактылуу кармоочу жайга киргизишти.

Октябрь РИИБи кылмышка шектүүдөн жапа чеккен же ал тууралуу маалыматы бар жарандардан төмөнкү телефондорго кайрылууну өтүнөт: 0 (552) 102-474 жана 102.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: