super.kg logo

Бишкекте уурулук, алдамчылык жана тоноочулукка шектелгендер кармалды

 

Бишкек шаардык милиция кызматкерлери уурулук, алдамчылык жана тоноочулукка шектелгендерди кармады. Бул тууралуу Октябрь РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 17-сентябрь күнү Октябрь РИИБине Р.А аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда ошол эле күнү Малдыбаев көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдүн батирине белгисиз адамдар мыйзамсыз түрдө кирип, 10 миң долларды түзгөн алтын буюмдарын уурдап, из жашырып качып кетишкен.

Мындан сырткары 1-декабрь күнү дагы Октябрь РИИБине Н.А аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда ошол күнү саат 19:00 чамасында 7-кичи районундагы көп кабаттуу үйдүн батирине терезесин сындырып кирип, жалпы суммасы 26 миң сомду түзгөн алтын буюмдарды уурдап кетишкен.

Ошондой эле 4-декабрь күнү Ленин РИИБине И.А аттуу Бишкек шаарынын тургуну арыз менен кайрылган. Анда ошол эле күнү болжол менен саат 18:15 чамасында, Чүй проспектиси менен Кулиев көчөсүнүн кесилишине жакын жерде, арыз ээсинин чөнтөгүнөн белгисиз адамдар 12 миң сомдук "iPhone" үлгүсүндөгү телефонун жашыруун уурдап, андан кийин белгисиз тарапка качып кеткен.

"Бул фактылардын бардыгы Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине кылмыш-жаза кодексинин 200-беренеси (уурдоо) менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Издөө иш-чараларын жүргүзүүдө, милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары 1981-жылы туулган И.Р, 1992-жылы туулган Р.С, 1991-жылы туулган А.А, 1989-жылы туулган Т.М аттуу жарандар кармалып, тергөө кызматына киргизилди", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: