super.kg logo
  Саясат  

Президенттикке талапкер Кубан Чороев жарыштан чыгышы мүмкүнбү? БШКнын жообу

 

Борбордук шайлоо комиссиясы президентикке талапкер Кубан Чороевдун колдоочуларынан чогулткан кол тамга баракчаларын кабыл албашы мүмкүн. Мындай пикирди SUPER.KG порталына БШКнын мүчөсү Гүлнара Журабаева билдирди.

Журабаева буга кол топтоо баракчаларына байланыштуу мыйзамда жазылган пунктунун аткарылбай калышы себеп экенин түшүндүрдү.

"Мыйзамда президенттикке талапкерлер шайлоо фонду үчүн эсеп ачкандан кийин кол топтоону баштай берет деп жазылган. Ошондой эле мыйзамда бир пункт бар. Ага ылайык, кол топтоо баракчаларына жана кол топтоо процессине байланышкан бардык чыгымдар шайлоо фонду аркылуу өтүшү керек. Мисалы кол топтоо процесси баракчалар типографиядан басылып чыккандан кийин ага талапкердин шайлоо фондунан акча төлөнгөндөн кийин башталат. Талапкер Кубан Чороевдун шайлоо фонду түзүлгөн. Ал типографиядан кол топтоо үчүн баракчаларын алары менен шайлоо фондуна каражат төлөшү керек эле. Бирок талапкер бул процессти кол тамгаларды кабыл алган акыркы күнү, тагыраагы, 3-декабрда жасаган. Албетте бул мыйзамдын талабы. Бирок мындай эреженин кереги бар беле, түшүнүксүз. Ошондуктан талапкердин штабында компетенттүү же жоопкерчиликтүү юрист болушу шарт. Талапкердин штабындагылар эбегейсиз чоң иш жасашты. Ага карабастан БШК мыйзамга ылайык, баракчаларды кабыл албашы керек болуп калат", - дейт Журабаева.

Президенттикке талапкерлер 3-декабрь күнү БШКга аларды колдогон адамдардын кол тамгасын топтоп тапшырып бүтүшү керек болчу. Бул көрсөткүч 30 миңден кем эмес, 60 миңден ашык эмес болушу керек болчу. Талаптагы кол тамганы топтогондордун тизмеси менен шилтеме аркылуу кирип таанышсаңыз болот.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: