super.kg logo
  Саясат  

Өмүрбек Текебаев: "Фракциянын укугу Акаевдин, Бакиевдин, Атамбаевдин убагында да чектелген эмес"

 

Бүгүн, 9-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Өмүрбек Текебаев күн тартип маселелери каралаардын алдында билдирүү жасоо үчүн 10 мүнөт убакыт берүүнү суранды.

Анда вице-спикер Мирлан Бакиров "добуш берүүнү бүтүрүп, күн тартибин кароого өтөбүз" деп билдирди. "Күн тартибинде биринчи добуш берүүнү бүтүрүп, андан кийин күн тартибине өтөбүз. Добуш берүү учурунда талкууга жол берилбейт", - деди ал.

Текебаев: "Фракциялар жыйында билдирүү жасаганга кепилденген укугу бар. Мен талкуу иретинде сөз сураган жокмун. Мен бүгүнкү маселе каралаарда билдирүү жасоо үчүн убакыт сурадым. Мен талкууга катышайын деген жокмун. Фракциянын укугун чектебеңиз. Фракциянын укугу Акаевдин, Бакиевдин, Атамбаевдин убагында да чектелген эмес. Эмне бүгүнкүлөр чектеп коёюн деп жатабы?", - деди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: