super.kg logo

Жансыз денеси толук көмүлбөй калып, карга-кузгун жеп баштаган маркум аял төрт баланын энеси болгон

 

Жалал-Абад шаарында мыкаачылык менен өлтүрүлгөн төрт баланын энеси болгон. Бул тууралуу SUPER.KG порталына өздүк булактар билдиришти.

"Маркум толук кандуу үй-бүлөлүү, 4 баласы бар болчу. Ал эми өзү күрөөкана иштетип жүрчү. Анын сөөгү жерге берилди. Кылмышка шектүүлөр менен тааныш билиши жок болгон", - деп билдирди өздүк булактар.

Бахтигул Базарматова 25-ноябрь күнү саат 15:30 чамасында Жалал-Абад шаарынын Ленин жана Айтматов көчөлөрүнүн кесилишинде кызы менен коштошуп, үйүн көздөй кеткен боюнча дайынсыз болуп изделип жаткан. Ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында 6-декабрь күнү дайынсыз болуп жаткан Бахтигул Базарматова киши колдуу өлтүрүлгөн деген ыкчам маалымат алынган. Анда шектүүлөр 25-ноябрь күнү сырттан тааныш болгон маркум аялга жолугушуп, саат 16:30 чамаларында Тойота-Авенсис унаасы менен Жалал-Абад шаарынын четиндеги ээн талаага алып барып, андан акча сурашкан. Маркум акча жок экендигин айткандан кийин шектүү И.Х. өзүнүн унаасында турган сүлгү менен аны муунтуп өлтүрүп, көтөрүп жүргөн сумкасындагы 32 миң сом акчасын жана тагынып жүргөн алтын буюмдарын алып, телефонун ыргытып жиберишкен.

Ал эми маркумдун жансыз денесин Жалал-Абад шаарынан 60-чакырым алыстыкта жайгашкан Сузак районунун Чангет-Сай дарыясынын жээгиндеги таштандыга көмүп коюшкан. Бирок ушул аралыкка чейин жансыз дене толук көмүлбөй ачык калган бөлүктөрүн карга-кузгун жеп койгондугу аныкталып, жансыз денеге карата тиешелүү экспертизалар дайындалган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(8)
09.12.2020. 15:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Олум жаза деген керек болуп жатат да биздин коомго...
09.12.2020. 16:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Оңой оокат издеген эшектер ит аткандай атып ташташ керек.
09.12.2020. 19:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кудай сактааа. Ошон үчүн акчаны процентке бербеш керек да, аягы сөзсүз жамандык менен аяктайт экен, тооба. Акырээтте да жаман дешет го процентке бергени да, алганы да. Кудай бетин нары кылмын азыр кредит албаган адам жок болсо керек.
09.12.2020. 19:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Ушу ломбарддарды жаап эле салса эмне болот экен. Же алар төлөгөн налог көп бекен, мамлекетке не пайда алып келет экен дейм да. Булар да патент алабы дегеним.
10.12.2020. 04:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Курооканаларды жаап салуу шарт эмес деп ойлойм. Контрольдоп турушса, проценттерин азайтып. Мисалы, акча зарыл болуп, козун чачырап турган мезгил, айылды алты кыдырсан да бироодон акча чыгышы кыйын.
10.12.2020. 08:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жадыраган эже болчу. Кудайым күнөөлөрүн кечирип сурагы женил болсун эми. Балдарынын убалынан коркпогон акмактарды өз жазасын алсын
11.12.2020. 18:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудаай эмне деген заман болуп жатат.ошол эки баланыда муунтуп элдин алдында өлтүрүп өздөрүнүн сөөгүн мусорго таштап он күн көмбөш керек андан башка жазаа аздык кылат бул акмактарга.булардын ата энеси балдарыда көрсүн кандай кыйын болоорун.
12.12.2020. 13:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сөөгүң таалада калып, өлүгүңдү карга- кузгун таласын деп каргаган го... ай өкүнүчтүү... 4 бала энесин жоготту. Кандай гана күйүт!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: