Кыргызстандык спортчулар кайык менен сүзүүдө Өзбекстанда өткөн Азия чемпиондугунда 3 медаль жеңди

25-29-сентябрь күндөрү Өзбекстандын Самарканд шаарында кайык менен сүзүү боюнча Азия чемпиондугунда кыргызстандык спортчулар 3 медаль жеңди. Бул тууралуу сууда ойнолуучу спорт түрү боюнча олимпиадалык даярдоо мектеби билдирет. 200 метр аралыкка жарышууда эки кишилик кайык менен кыргызстандык Игорь Дорофеев менен Максим Бондарь күмүш медаль тагынды. Ушул эле аралыкка жалгыздан жарышууда Руслан Молтаев жана жаштар арасында Кирилл Бондарь коло медалдын ээси болду.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.