super.kg logo

Депутат менен карапайым үй-бүлөнүн жашоосун чагылдырган "Такебай-2" тасмасы элге көрсөтүлдү

 

9-декабрда Бишкектеги кинотеатрлардын биринде "Такебай-2" кинокомедиясы жабык эшик артында көрсөтүлдү.

Иш-чарага маданият, шоу-бизнес өкүлдөрү жана шаар тургундары келишти. Пандемия шарттары эске алынып, тасманын ачылышына эл бет кап тагынып келишти.

"Такебай-2" кинокомедиясы депутат менен карапайым эки үй-бүлөнүн жашоосун чагылдырат. Аталган тасмада белгилүү актёрлор Аскат Сулайманов, Эржан Осмонов жана актрисалар Альбина Имашова, Калипа Усенова башкы ролдорду жаратышкан.

Актриса Альбина Имашова фильм тууралуу төмөнкүлөргө токтолду.

"Режиссёр бизге тасманы буга чейин көрсөткөн жок. Тасманы биз дагы көрүүчүлөр менен биргеликте эми көрөбүз. Күйөрмандарга жагат деген эле ишенимде болуп жатабыз. Баарыбыз карантинде отуруп, зеригип калдык болуш керек. Андыктан көрүүчүлөрдү үй-бүлөңүздөр менен келип көрүп кетсеңиздер болот деп чакырам", - дейт Имашова.

"Такебай-2" кино тасмасы бүгүн, 10-декабрдан тартып өлкөдөгү бардык кинотеатрларда көрсөтүлүп баштайт.

Эске салсак, өткөн жылы "Такебай-1" тасмасы калың элге тартууланып, көпчүлүктүн көңүлүнөн орун алган тасмалардын катарын толуктаган.






“ТАКЕБАЙ-2” кино комедиясы көрүүчүлөргө тартууланды

Автор: Гүлзада Абдырахманова
Оператор: Айбек Алимов
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: