super.kg logo

"Ачуу үстүндө уят сөздөрдү айтып, сөгүнгөнүм үчүн кечирим сурайм". Куудул Тынар Курбаналиев элге кайрылуу жасады

 
Мындан 2-3 күн мурда социалдык тармакка куудул Тынар Курбаналиевдин аудиосу деген билдирүү тараган. Анда куудул мал-жандыктарды сыртка экспорттоого тыюу салынган чечимге нааразы болуп, уят сөздөр менен сөгүнгөнү жазылган.
Бир топ талкуулардан кийин Тынар Курбаналиев жалпы элден кечирим сурап, буларга токтолду.
"Урматтуу Кыргыз элим, WhatsApp`тагы тобубузга жазылган сөздөр коомчулукка тарап талкуу жаратты. Тагыраагы, эркектер арасында талаш-тартыштан улам эмоцияга алдырып, сөгүнүп алган сөздөр камтылган менин аудио билдирүүм тараган эле.
Элибизде "жаңылбас жаак, мүдүрүлбөс туяк болбойт" дешет. Ачуу үстүндө уят сөздөрдү айтып, сөгүнүп алганым, кетирген кемчилигим үчүн жалпы элимден башымды ийип кечирим сурайм.
Мага коркутуу, үркүтүү болгон жок. Өзүм ошол аудиону угуп, агаларыбыздын, аксакалдардын кеп-кеңештерине кулак салып видеокайрылуу жасайын дедим. Ал аудио көңүлүңүздөрдү ирээнжиткен болсо баарыңыздардан кечирим сурайм", - деди ал.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(19)
10.12.2020. 10:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Желин чыгарып койуш керек эле да эт кымбат болуп жатат карапайым эл кыйналып жатат го жарыктык....
10.12.2020. 10:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-9
aiba.20201234567,Тынар туура айтат, кыргыздын кобу мал кармайт кыйналып тоют жыйнап багып анан силерге бекер бериш керекпи? Кыргызга малдын кымбат болгону жакшы.
10.12.2020. 11:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
bond02,гелесоо эт кымбат болсо кыргыз эт жебей калбайбы 5000 пенсия алган пенсионерлер 1000 сомго 2 кг эт алып 1 айга жеткиреби ойлонсон
11.12.2020. 02:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bayern-munchen,гелесоо анда малдын тоютунда контроль кылсын тушурсун асман чапчыган бааларды
11.12.2020. 09:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Rustam25,чоп менен эле багып жатышат, каяктагы кымбат тез семирчуу химикаттарды берип балаа барбы
11.12.2020. 10:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ayko24, бар, этти көптүрүп жибере турган уколдор бар тез салмак кошо турган вакциналар бар. Азыр базарда малдын этин ким ошентип көптүрүп сатпайт деп кепилдик бере алат бары болбосо да 80пайызы ошол вакцина менен көптүрүп иштегендер
10.12.2020. 10:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Негизи туура эле айткан элеңиз Тынар байке. Бирок кечирим сураганыныз алда болсо туура кадам деп ойлойм.
10.12.2020. 11:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Артист артисттей,спортчу спортчудайле болсо бизде,
10.12.2020. 11:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
5 кг бети бар десем көбү сен таразага тартың беле дешет,иним молодец мени уят кылбадың.
10.12.2020. 11:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Кечирим сураган дагы адамдын жогорку сапаты. Эн туура.кечирим сураганды кудай дагы кечирет Ишине ийгилик Тынар.
10.12.2020. 13:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тынар сенин Сооронбай Жээнбековду тамашага салганың бул-өз атаңды шылдыңдаганың менен барабар. Атаңа наалат. Жээнбековду колдобойм. Бирок сенин сатираларың атаңдың тарбиясын көрсөтүп турат. Жогоруда бирөө айткандай бетиң 5кг экен.
10.12.2020. 15:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жакшы кылыптыр кечирим сурап, а то аябай жаман кордум эле видеосун коргондо.
10.12.2020. 15:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Тантык
10.12.2020. 16:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Кечирдим.
10.12.2020. 16:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кээде ачууланганда ушундай да болот.Тилдеш аякта турсун алдыңда болсо башка бир чапкың келет.
10.12.2020. 16:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Этти карапайым эл жей албай калды. Тынар туура эмес сенин суйлогонун
10.12.2020. 17:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Тынар тантык, мааниси жок тамашаларынын баары, уят создор аралашкан
10.12.2020. 19:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5

Эркектер отуруп озлорунчо бир нерселерди талкуулашкан ошону интернетке жайган киши туура эмес кылган душманды алыстан издебе деп ошого айтылган окшойт
11.12.2020. 14:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кечирим сураганың жакшы бул эркекче болду бирок малды сыртка чыгарбай убагында токтотту болбосо биздин малды бат эле ташып кетишет да кийин өзүбүз эки үч эсе казак өзбектерден кымбат сатып алуу коркунучу жаралганын түшүнбөгөнүң туура эмес деп ойлойм!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: