Күнүнө 6 миң тонна көмүр керектеген Бишкек ЖЭБи кышка толугу менен даяр
Жалпы аянты 53 гектар болгон Бишкек шаарындагы жылуулук электр борбору (ЖЭБ) күнү-түнү иштөөдө. Шаардагы 130 миң абонентти тейлеген бул жылуулук электр борбору шаардагы көп кабаттуу үйлөрдү, социалдык мекемелерди ысык суу менен камсыздап, кышкысын жылуулук берет. Ошол эле учурда Бишкек ЖЭБи өлкөдө электр энергиясын өндүргөн эң ири станция болуп саналат.
1 миң 500 адам иштеген Бишкек ЖЭБи быйыл кышка толугу менен даяр. Ал эми ЖЭБден чыккан түтүн абаны булгабай тургандыгын ЖЭБдин инженери Алмамбет уулу Байыш айтып, төмөнкүлөргө токтолду:
"Биз электрофильтирдин имаратында турабыз. Бул электрофильтирдин аткарган жумушу чыгып бара жаткан түтүндү тазалоо. Ал кантип тазаланат десеңиздер электр чыпкасынын ичинде электроддор жайгашкан. Электроддор кадимки эле темир барактар (Листтер) болот. Ошол барактардан терс жана оң заряддар берилет. Ошол себептен күлгө оң жана электродго терс заряд берилгенде экөө бири-бирине тартылышып, электроддорго күл жабышат. Электродду балкадай болгон тетик чаап турат. Ал чапканда күл бункерге чогулуп, ошол жактан тазаланат".
Азыркы учурда Бишкек шаарын жылуулук менен камсыз кылыш үчүн күнүнө 6 миң тонна көмүр керектелип жатканын Бишкек ЖЭБинин Отун транспорттук бөлүмүнүн башчысы Эрмек Аманалиев билдирди.
"Бул жылкы кыш-күз мезгилин өтөөгө Бишкек ЖЭБ жана Электр станциялары ААКсы тарабынан 700 миң тонна жергиликтүү көмүр сатылып алынат. Бул көмүрлөр Кара-Кечеден келет. Андан кийин 336 миң тонна импортный, тагыраагы Казакстандын көмүрү келет. Бүгүнкү күндөн Казакстандан суткасына 100 вагондон көмүр келип жатат. Ар бир вагондо 69 тонна. Отун кампабызда бүгүнкү күндө 300 миң тонна көмүр бар. Азыркы учурда суткасына 6 миң тонна көмүр керектелип жатат", - деди ал.
Ал эми ЖЭБдеги электр энергиясын өндүрүү үчүн Чоң Чүй Каналынын (БЧК) суусу пайдаланылаарын химиялык цехтин жетекчисинин орун басары Мырзагүл Бусурманова айтты.
"Биз азыр 2018-жылы пайдаланууга берилген суу тазалагыч блокто турабыз. Электр энергиясын өндүрүү үчүн суу Чоң Чүй Каналынан алынат. Ал жактан келген суу эң алгач сырттан балырлардан, микро организмедерден тазаланып 25 пайыз ысытылып келет. Бул жерден суу тундурма жолу менен тазаланып башка бакка кетет. Электр энергиясын өндүрүү үчүн суу 0,2 микросименске чейин тазаланат. Суунун тазаланышын бул жакта отурган операторлор көзөмөлдөп, андан кийин гана электр энергиясын өндүрүүгө беришет", - деди Мырзагүл Бусурманова.
Андан кийин ЖЭБдин инженери Байыш Алмамбет уулу 2017-жылы модернизация болуп ишке берилген жаңы блоктун иши менен тааныштырды. Анын айтымында жаңы блоктун эски блоктон айырмачылыгы шаарга берилип жаткан жылуулук, электр энергиясынын бардыгы компьютерден көзөмөлдөнүп турат.
"Бул жаңы блок 2017-жылы Бишкек ЖЭБин модернизациялоо проектисинин негизинде ишке киргизилген. Бүгүнкү күндө бул жаңы блок Бишкек шаарына жылуулук жана электр энергиясын берүүнү көзөмөлдөп иш алып барып жатышат. Эски блок менен жаңы блоктун айырмасы бул - жаңы блокто бүт операторлор компьютерде отуруп башкарып турушат", - деди ал.
Эски блокто улук машинист болуп иштеген Канат Эриков учурда Бишкек шаарына жылуулук 77 градуста берилип жатканын айтты.
"Бул жерден Бишкек шаарына жыл боюу ысык суу берилип турат. Ал эми кышкы сезондо жылуулук дагы берилет. Жылуулукту биз сырттагы абанын градусуна карап беребиз. Азыркы учурда Бишкек шаарына 77 градус жылуулук жана 77 градустагы ысык суу берилип жатат", - деп билдирди Канат Эриков.
Бишкек ЖЭБиндеги эң бийик түтүк 300 метр, дагы экөө 250 метрден болсо, жаңы курулган түтүк 150 метр. 1961-жылы ишке берилген Бишкек ЖЭБи өлкөбүздүн түндүгүндөгү эң чоң энергообъект болуп эсептелет. Бишкек ЖЭБинин бир суткада өндүргөн электр энергиясы бир чоң ГЭС өндүргөн электр энергиясына барабар. Башка ири энергообъекттер өлкөнүн түштүгүндө жайгашкан.
Бишкек ЖЭБи электр энергиясына сууну Чоң Чүй Каналынан алат

