Жогорку Кеңеш референдум өткөрүү боюнча мыйзам долбоорун экинчи, үчүнчү окууда кабыл алды. 4 депутат "каршы" деп добуш берди
Бүгүн, 10-декабрда Жогорку Кеңеш референдум өткөрүү боюнча мыйзам долбоорун экинчи, үчүнчү окууда кабыл алды.
Мыйзам долбоору 2021-жылдын 10-январында мамлекеттик башкаруунун формасын аныктоо боюнча бүткүл элдик референдум өткөрүүгө багытталган.
Мыйзам долбоорунун демилгечиси - Акылбек Жапаров. Мыйзам долбооруна Айсулуу Мамашова, Дастан Бекешев, Наталья Никитенко, Каныбек Иманалиев "каршы" деп добуш беришти. Ал эми 60 депутат "макул" деп добуш берди.
Кечээ аталган мыйзам долбоору биринчи окууда жактырылган. Мыйзам долбооруна каршы пикирлерин айткан да депутаттар болду. Текебаев "Биз референдумду дайындоо боюнча мыйзамды кабыл алдык, бирок бул мыйзам өткөн жок. Мен санап турдум" деген оюн айткан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:55
2025-07-10

Рейтинг:
0

