super.kg logo

БШК президенттикке талапкерлигин каттоодон баш тарткан жарандар үчүн сотко кайрылуу мөөнөтү кыскарды

 

БШК талапкерлигин каттоодон баш тарткан жарандар үчүн сотко кайрылуу мөөнөттү кыскартты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына БШКнын Укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Адилет Шаршеналы уулу билдирди.

Белгилүү болгондой, шайлоо мөөнөтүнөн мурда өтө турган болсо, мыйзамда каралган бардык мөөнөттөр 4/1 бөлүккө кыскарат.

"Мисалы өзүн талапкерликке көрсөткүсү келген жарандар мыйзамга ылайык, шайлоого 76 күн калганга чейин БШКга арыз жазышы керек болсо, мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөн учурда 57 күн калганга чейин арыз тапшыруусу шарт. Ошол сыяктуу эле БШК талапкерлигин каттоодон баш тарткан жарандар 3 күндүн ичинде сотко кайрылууга укуктуу болсо, бул мөөнөт кырдаалга байланыштуу 2 күнгө кыскарды. Тактап айтканда, талапкерди каттоодон баш тартуу боюнча билдирмени БШК 24 сааттын ичинде бериши керек. Билдирмени алган күндөн баштап, 2 күндүн ичинде талапкер сотко арыздана алат.

БШК Кубан Чороевдин кол барактарын анык эмес деп таап, талапкерлигин каттоодон баш тарткан. Эгер ал сотко даттана турган болсо, анын белгиленген мөөнөттөн кечиккени же кечикпегендиги сот тарабынан аныкталууга тийиш", - деди Шаршеналы уулу.

Мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 10-январга белгиленген. 20 талапкер 30 миңден кем эмес кол чогултуп, БШКга тапшырган. БШК алардын ичинен Кубанычбек Токтосунов менен Кубан Чороевди каттоодон баш тарткан. Чороев бул чечимге каршы сотко даттанарын билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: