super.kg logo

"Гуля Алмамбетова эл көзүнчө, мен жашынып сөгүнгөндү жакшы көрөм" дейт Балбак Түлөбаев

 

"Гуля Алмамбетова эл көзүнчө, мен жашынып сөгүнгөндү жакшы көрөм" деген пикирин Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев SUPER.KG порталынын #ГалстукТар долбоорунда билдирди.

Анын айтымында, Алмамбетова менен көз караштары төп келбегендиктен жумуштан алган.

"Гуля Идиновна эмоционалдуу анан Бишкекти чындыгында жакшы көргөн адам. Өнүгүүдөгү кээ бир көз караштарыбыз төп келбейт. Бизди бириктирип турган Азиз Суракматов болчу. Суракматовдун командасында жалпы кызыкчылык үчүн иштеп келгенбиз. Гуля Идиновна жакшы эне, жакшы жар, бирок шаарды өнүктүрүүгө болгон көз карашы меникине төп келбейт. Жашоого болгон көз караштарыбыз да эки башка. Ал эл алдында сөгүнгөндү жакшы көрсө, мен жашыруун сөгүнгөндү жакшы көрөм. Ал кыргыздын баалуулуктары башкача жол менен өссө дейт. Мен классикалык жол менен өссө дейм. Бирок экөөбүздүн тең шаарга жакшы болсун деген, шаар өнүксүн деген оюбуз бир. Мен Гуля Идиновнаны шаардын душманы дебейм. Мен аны чакырып "кечирип коюңуз, сиз менен иштеше албайм" деп айттым. Ал коомдук жардамчы болчу, бизден айлык алып иштечү эмес. Ошондуктан мен ага сизге муктаж эмесмин деп айтып, ордуна мурдагы вице-мэр Эмил Абдыкадыровду алдым", - деди Түлөбаев.






Түлөбаев: “Гуля Алмамбетова эл көзүнчө, а мен жашынып сөгүнгөндү жакшы көрөм“

Автор: Жылдыз Джускембаева, Бекболот Сарыбаев, Бактыгүл Султаналиева
Оператор: Равшан Тойчиев, Элчибек Кыштообаев.
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(3)
13.12.2020. 05:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Мэрияда дагы акча коптугунон арам ойлуулар козу кызарып турат. Абайланыз.
SUPER.KG видео
13.12.2020. 13:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушунун созуно ишенуу абдан кыйын. Оз ишин ачык жасаган адамга ишенсе болот. Бизде мамлекеттик органдар финансы чарбалык иштерди эч качан ачык жургузушкон эмес. Ачык жургузууго оздору да кызыктар эмес.
SUPER.KG видео
14.12.2020. 00:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бакылдаган Балбакты, кар жаганда коробуз
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: