Балбак Түлөбаев: "Бишкектеги мыйзамдаштырылбаган үйлөрдүн баарына документ алып берем. Болор иш болуп, боёсу канды"

Бишкектеги мыйзамдаштырылбаган үйлөрдүн баарына документ берилет. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев SUPER.KG порталынын #ГалстукТар долбоорунда билдирди.
"Бишкекте 47 конуш бар. Алардын арасында 7 миңге жакын үй мыйзамдаштырылган эмес, же паспорту жок, же күбөлүгү жок. Мисалы Ала-Тоо конушунда сибир жарасынын очогу бар. Анын тегерегине үй салынбаш керек эле, бирок салынып калыптыр. 15-20 жылдан бери айланасында эл жашайт. Ал аймактын тегерегин зым тикенек менен курчап, үстүн жаап, бетондоп берейин деп жатсам, 30 киши келиптир "ошону жасап бер" деп. "Аны силер жок эле жасаганы жатам" дедим. Себеби ал менин милдетим, аны мен жасайм. Мыйзамдаштырылбаган үйлөрдүн баарына документ алып берем. Болор иш болуп, боёсу канды" , - деди Балбак Түлөбаев.
Түлөбаев: “Гуля Алмамбетова эл көзүнчө, а мен жашынып сөгүнгөндү жакшы көрөм“








1 |