super.kg logo

333 окуучуну куралчан адамдар алып кетишкен окуя. Нигерияда 10го жакын мектеп убактылуу жабылды

 

Нигериянын Замфара жана Кацина штаттарында 10го жакын мектеп убактылуу жабылды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.

Анда жазылган маалыматка ылайык, мектептердин жабылышына 11-декабрь күнү кечинде Нигериянын Канкара шаарында куралчан кишилер мектеп-интернатка чабуул жасап, 333 окуучу дайынсыз болуп жатканы себеп болгон. Азыркы учурда дайынсыз болуп жаткан окуучулар табыла элек. Ал эми окуучулардын коопсуздугун сактоо максатында мектептер убактылуу жабылган.

Буга чейин Нигериянын Канкара шаарында мектеп-интернатта жалпы 839 окуучу билим алып келген. Дайынсыз болгон 333 окуучуну белгисиз куралчан адамдар алып кетишкени кабарланган.









 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: